• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Комитет КР менен Катардын ортосундагы аба каттамдары жөнүндө макулдашууну жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 11.09.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы аба каттамдары жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калиловдун айтымында, бул макулдашууну ратификациялоо аркылуу Кыргызстан менен Катардын ортосундагы эки тараптуу саясий, экономикалык жана маданий кызматташтыкты ырааттуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө жана эки мамлекеттин ортосунда түз аба катнашына мүмкүндүк берилет.

Талкуу жүрүшүндө депутат Кубанычбек Жумалиев Кыргызстанды ИКАОнун “кара тизмесинен” чыгаруу, ички аба каттамдарынын тарифин төмөндөтүү сындуу бир катар көйгөйлүү маселелерге эл өкүлдөрүнүн көӊүлүн бурду. “Баарындан мурда ички аба каттамдарды жандандырууга өзгөчө көӊүл бөлүп, аймактардагы аэробекеттерди реконструкциялоо зарыл”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий