• 85.8
  • 93.14
  • 0.88

Гимн жүрөктөн ырдала тургандай болушу зарыл – акын Гүлзада Станалиева

Коом 0

Бишкек, 30.10.24. /Чолпон Жумалиева - Кабар/. Кыргызстандын учурдагы гимни мурдагы союз учурундагы гимндин эле көчүрмөсү сыяктуу. Мындай пикирин акын, филология илимдеринин кандидаты, доцент Гүлзада Станалиева “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, эгер совет учурундагы гимнди эле өзгөртүп алган болсок, биз эгемендиктин маани-маңызын түшүнө элек болобуз, эң негизгиси гимн жүрөктөн ырдала тургандай болушу зарыл.

“Гимн – бул мекенди сүйүүгө, ал үчүн эмгегиңди, күчүңдү, керек болсо өмүрүңдү берүүгө шыктандырган, сыймыктанткан, жүрөктөн чыккан улуу ыр болушу керек. Негизи гимнди аткаруу, эстеп калуу оңой болушу шарт. Мааниси жөнөкөй, бирок өлкөнүн баалуулуктарын, тарыхын, маданий мурастарын чагылдырышы керек. Эркиндикти, адилеттикти, элдин биримдигин даңазалап, туулган жерге болгон сүйүүнү күчөткөн текст болушу абзел. Ал эми музыкасында да совет учурундагыдай эмес, улуттук мүнөз, кайрыктар болсо жакшы болмок”, - дейт Гүлзада Станалиева.

Акындын пикиринде, ошондо гана гимн каныбызга, жаныбызга сиңип, улуттук аң-сезимбизди, жарандык жоопкерчилигибизди, ар-намысыбызды күчтөндүрүп, өлкөнү өнүктүрүүгө шыктандырат.

“Учурдагы гимндин биринчи куплетинде мекенибизди ата-бабалар сактап келгени айтылса, экинчи куплетинде аны ыйык сактап урпактарга берели деген ой айтылат. Логикалык жактан туура. Бирок көркөмдүгү менен эмоциялык жагы дагы күчөтүлсө болмок. Негизинен кайырма эске сакталгандыктан, эмоциялык таасир дал ушул кайырмада болушу керек эле. Тилекке каршы андай болбой калган, гимнибизде жүрөктөгү сөзүбүз, сезимибиз жок”, - деди Станалиева.

Эске салсак, азыркы учурда мамлекеттик гимнди өзгөртүүгө байланыштуу маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактарда кызуу талкуу жүрүп, президент Садыр Жапаров бул маселеге карата өз пикирин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий