• 85.5
  • 93.05
  • 0.87

"Главная" көмөк чордонунда реконструкциялоо иштери аяктап калды

Коом 0

Бишкек, 16.10.24. /Кабар/. "Главная" көмөк чордонунда реконструкциялоо иштери аяктап калды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Реконструкциялоо иштердин жүрүшүндө "Главная" көмөк чордонунда 10 кВт чыңалуудагы май өчүргүчтөрү бар тышкы типтеги толук таратуучу түзүлүш жаңы заманбап вакуумдук өчүргүчтөргө алмаштырылды.

Мындан тышкары, релелик коргоо жана автоматташтыруу системасы жаңыртылып, кабелдер төшөлдү. Бүгүнкү күндө жаңы өчүргүчтөрдү орнотуу иштери аяктап калды.

Эски жабдуулар 50 жылдан ашуун кызмат кылган. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында керектөөчүлөрдүн электр энергиясы менен камсыздоо ишенимдүүлүгү жана сапаты жогорулайт.

Эске салсак, өткөн жылы "Главная" көмөк чордонунда кубаттуулугу 200 МВА болгон 2 автотрансформатор орнотулуп, подстанциянын кубаттуулугу 150 МВАга көбөйтүлгөн.

Маалымат: 220/110/10 кВ жогорку чыңалуудагы "Главная" көмөк чордону Аламүдүн районунун Ленин айлында жайгашкан. Көмөк чордон 1968-жылы Бишкек энергия түйүнүнүн түндүк бөлүгүндөгү керектөөчүлөрдү ишенимдүү электр менен камсыз кылуу үчүн ишке киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий