Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команда Дүйнө кубогуна катышат

Спорт 0

Бишкек, 30.11.20. /Кабар/. Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команда Дүйнө кубогуна катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Дүйнө кубогу 12-декабрдан 18-декабрга чейин Белград шаарында (Сербия) өтөт.

Улуттук курама команданын мүчөлөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрүүдө. Жыйын 18-ноябрда старт алып, 5-декабрында аяктайт.

Белгилей кетсек, курама команданын мүчөлөрүнүн окуу-машыгуу жыйыны Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланган.

Пикир

Оставить комментарий