• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Грецияда өрттүн айынан миңден ашуун тургун үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду

Дүйнө 0

Бишкек, 21.06.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Грецияда өрттүн айынан миңден ашуун тургун үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду.

Еuronews маалымдагандай, Грециянын бир катар аймактарында өрт өчүрүүчүлөр тоо кыркаларындагы өрттү чектөөгө алууга аракет кылып жатышат.

Грециянын баш калаасынын чет жакасында яхта клубу өрттөнүп жаткандыгы да айтылууда. Бул тилсиз жоо Афинага жакындап баратканынан кабар берет. Өрттү жерден жана абадан өчүрүүгө ондон ашык тик учак, жүзгө жакын адистер тартылган.

Грециянын бир нече аймактарында бир эле учурда 60тан ашык табигый өрт очогу тутанган. Жергиликтүү тургундар болгон күч-аракетин жумшап, үйлөрүн сактап калууга далалат кылышууда. Кооптуу айыл аймактарынан миңден ашык адам эвакуацияланды.

Адистердин пикиринде, жалын жапыз бадалдар жана зайтун дарактары аркылуу жайылып кеткен. Катуу шамал жана 37 градуска чейин жеткен ысык аптап абалды ого бетер татаалдантып жатат.

“Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда. Бир нече адам камакка алынды. Алар атайылап өрт коюуга шектелүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий