• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттары тартипке келтирилет. Президенттин жарлыгы

Президент 0

Бишкек, 24.02.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Бул Жарлыктын максаты болуп Кыргыз Республикасынын жарандарынын социалдык жана экономикалык жашоо деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле диний ырым-жырымдарды, үрп-адаттарды жана коомдун руханий абалына терс таасирин тийгизүүчү башка иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкорчулукту болтурбоо эсептелет.

Соңку жылдары көрүлүп жаткан чараларга карабастан, кыргыз коомчулугунда ар кандай үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана башка иш-чараларды өткөрүүдө текебердик, өзүн эл алдында көрсөтүүгө умтулуу, башка адамдардын социалдык абалын теңсинбөө, ашыкча ысырапкерчилик, элдин каада-салттарын жана үрп-адаттарын сактабоо сыяктуу терс көрүнүштөр жана жаман адаттар кездешүүдө. Көптөгөн жарандар шаан-шөкөттүү үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумга арналган иш-чараларын коңшулардын жана туугандарынын алдында сын пикирге кабылбоонун, жалпысынан коомчулуктун басымында калбоонун жалгыз мүмкүнчүлүгү катары кабыл алууда.

Калк маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү, ошондой эле үйлөнүү үлпөттөрүн, мааракелерди өткөрүү менен байланышкан ар кандай үй-бүлөлүк иш-чараларда негизсиз чыгашаларга дуушар болууда. Ал тургай мындай шаан-шөкөттүү салтанаттарды жана башка иш-чараларды өткөрүү кеңири жайылган көрүнүш болуп калды. Үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды жана маркумду эскерүү иш-чараларында улуттук каада-салттарга, адеп-ахлак ченемдерине карама-каршы келген үрп-адаттарга жол берилип жатат. Мунун бардыгы өзүмчүлдүктү, адепсиздикти, өзүм билемдикти камтыган бөтөн жана бузуку идеялардын жана баалуулуктардын системасынын коомго жайылышына алып келет.

Курулай бедел күтүү, жок каада-салттарды сактоо үчүн бул иш-чараларга көп учурларда материалдык мүмкүнчүлүгүнө ылайык келбеген көп сандагы адамдар чакырылат, тамак-аш көп жасалып, көптөгөн мал союлат, акча каражаттары ашыкча чыгымдалат.

Мындай ашыкча чыгымдар үй-бүлөлүк бюджетке зыян келтирет жана калктын жашоо деңгээлине терс таасирин тийгизет. Көптөгөн жарандар ысыраптуу жана шаан-шөкөттүү үй-бүлөлүк иш-чараларды жана үрп-адаттарды өткөргөндөн кийин каражаттарды карызга, кредитке алат жана аны төлөө үчүн республикадан тышкары жактарга иштегенге кетет.

Белгилүү болгондой, динде да маркумду жерге коюуда, маркумду эскерүү үрп-адаттарында мындай ысырапкерчиликке жол берилбейт.

Республиканын жарандары үй-бүлөлүк жана башка иш-чараларды өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жана ири акча каражаттарын чыгымдабастан өткөрүшү зарыл. Өзгөчө интеллигенциянын өкүлдөрү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда гана эмес, ошондой эле турмушта жалпы кабыл алынган адеп-ахлактык ченемдерди, үрп-адаттарды жана элдик каада-салттарды сыйлоодо катардагы жарандарга үлгү болууга тийиш.

Азыркы мезгилде кыргыз коомунун руханий маданиятынын жана адеп-ахлагынын негиздерин турукташтыруу, социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылуу, калкта, өзгөчө жаштарда мындай маселелерге аяр мамиле кылууну калыптандыруу үчүн каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды катуу тартипке келтирүү талап кылынууда.

Бул Жарлыктын алкагында президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш: шаарларда, айылдарда жана башка калктуу конуштарда каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке келтирүүнү караган үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону иштеп чыгууга жана бекитүүгө, бул маселе боюнча калк арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө, салтанаттарды жана диний үрп-адаттарды өткөрүүчү адамдарга тиешелүү сунуштарды берүүгө;

Жарлык менен Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына диний ырым-жырымдарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын, маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкерчиликке жол бербөө жана алдын алуу максатында тиешелүү фатваларды чыгаруу сунушталат.

Ошондой эле, Жогорку Кеңештин депутаттарына, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнө, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган башка иш-чараларды ири акчалай каражатты сарптабастан, көп сандаган малды сойбостон жана башка ысырапкерчиликке жол бербестен өткөрүү, жалпы кабыл алынган адеп-ахлактык ченемдерди сактоодо жарандарга үлгү болуу сунушталат.

Пикир

Оставить комментарий