• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Коргоо министри Бекболотов француз элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 24.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 24-февралда КР коргоо министри Бактыбек Бекболотов менен Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаус менен жолугушту. Бул тууралуу КР КМ маалыматтык-аналитикалык иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Коргоо ведомствосунун башчысы Бекболотов кыргыз-француз аскердик кызматташтыгынын негизги элементи катары аскердик билим берүү тармагынын өнүгүү потенциалын белгилеп, учурдагы жана келечектүү багыттар боюнча эки тараптуу байланыштарды мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Маалымат үчүн: Үстүбүздөгү жылы Кыргызстан менен Франциянын ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндүгүнө 30 жыл толду.

Бул мезгилде эки өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн ортосунда тоо даярдыгы, парапланда учууга окутуу, аскердик медицина жана өз ара алмашуу иш-сапарлары сыяктуу багыттар боюнча кызматташтык жөнгө салынган.

Мындан тышкары, Франция тарабынын демилгеси боюнча ушул жылдын апрель айында кыргыз армиясынын тынчтыкты сактоо потенциалын өнүктүрүүнүн алкагында француз тилинин курстары пландаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий