• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте кийим тигүүчү кичи ателье ачылды

Коом 0

Бишкек, 28.07.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын 12-кичирайонунда мүмкүнчүлүгү чектелгендер жашаган жайда кичи тигүү ательеси ачылды.

Ателье Октябрь акимчилигинин жана Коргоо министрлигинин демилгеси, "Центр Ас-Сафа" коомдук бирикмеси жана "Авангард Билдинг" ЖЧК курулуш компаниясынын каржылык колдоосу менен ачылган.

Долбоордун максаты - үй-бүлөлөрдү өздөрүнүн оор турмуштук абалынан чыгуу үчүн активдүү кадамдарга үндөө, социалдык коргоо тутумунан жетиштүү көз карандысыздыкка жана коомго толук кандуу катышууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө, үй-бүлөлөрдүн жашоо деңгээлин жогорулатууга түрткү берүү болуп саналат.

Администрация салтанаттуу түрдө ыраазычылык каттарын тапшырып, жаңы долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий