• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте жакынкы күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт — синоптиктер

Коом 0

Бишкек, 10.11.22. /Кабар/. Бишкек шаарында 10-14-ноябрда жаан-чачын күтүлбөй турганын Кыргызгидромет билдирди.

Синоптиктердин маалыматына ылайык, 15-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан, кар жаашы күтүлөт. 16-ноябрда жаан, кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Чүй облусунда күтүлгөн аба-ырайы

10-13-ноябрларда жана 14-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

14-ноябрда күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

15-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

15-ноябрда күндүз жана 16-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Талас облусунда күтүлгөн аба-ырайы

10-14-ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

15-ноябрда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

16-ноябрда айрым жерлерде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош облусунда күтүлгөн аба-ырайы

10-14-ноябрларда жана 15-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 15-ноябрда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

16-ноябрда айрым жерлерде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош шаарында күтүлгөн аба-ырайы

10-14-ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. 15-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаашы күтүлөт. 16-ноябрда жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 жетиши күтүлөт.

Жалал-Абад облусунда күтүлгөн аба ырайы

10-13-ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. 14-ноябрда жана 15-ноябрда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 15-ноябрда күндүз жана 16-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Баткен облусунда күтүлгөн аба-ырайы

10-13-ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. 14-ноябрда жана 15-ноябрда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 15-ноябрда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 16-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба-ырайы

10-14-ноябрларда жана 15-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.

16-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба-ырайы

10-14-ноябрларда жана 15-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, ал эми күндүз жана 16-ноябрда айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетишикүтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий