• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекте кезектеги бош орундар жарманкеси өтөт

Коом 0

Бишкек, 13-апрель /Кабар/. Эртең, 14-апрель саат 10:00до Эл аралык инновациялык технологиялар университетинде “Бош орундар жарманкеси” жана “Билим берүү көргөзмөсү” өтөт.

Мамлекеттик миграция кызматынын (ММК) басма сөз кызматы билдиргендей, аталган иш-чара ММКнын алдындагы маалыматтык-консультациялык борбору тарабынан уюштурулууда.

Кезектеги “Бош орундар жарманкеси” жана “Билим берүү көргөзмөсү” өз кезегинде иш берүүчү кызматы тарабынан көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтар тууралуу маалымат алуу, Бишкек шаары, Чүй облусу боюнча жана жумуштуулук менен камсыздаган жеке агенттиктердин катышуусунда жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө бош орундар боюнча маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзөт.

“Бул жумуш берүүчүлөр менен жаш адис-студенттердин, практиканттар жана ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүнүн жолугушуусу, андан тышкары иштеп келүү үчүн чет өлкөгө чыгууну каалагандар үчүн аянт. ЖОЖдордун жумуш берүүчүлөр менен кызматташтыгын түзүү – практика жана такшалмадан өтүү жана азыркы эмгек рыногу тууралуу маалымат алуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк. Ошондой эле, жарманкенин процессинде ЖОЖдордун факультеттери жана адистиктери, карьералык өсүүнүн пайда болушу; студенттердин кызыгуулары жана башкалар тууралуу маалымат алмашуу каралган”,-деп билдирди Мамлекеттик миграция кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий