• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

ИИМде 137 кызматкерге ар кандай тартип жазалары берилди

Коом 0

Бишкек, 28.07.23. /Кабар/. 2023-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү кемчиликтери үчүн 137 кызматкерге ар кандай тартип жазалары берилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин 2023-жылдын I жарым жылдыгында аткарылган иштеринин жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйынында белгилүү болду.

Ведомстводон билдиришкендей, анын ичинен 63ү жетекчилик курамда иштеген кызматкерлер болуп эсептелет. Коллегиянын чечимдерине ылайык, айрымдары мурдагы берилген жазалар менен чектелсе, айрым жетекчилердин ишмердүүлүгү тогуз айдын жыйынтыгы менен өтө турган отурумда карала тургандыгы айтылды.

Бүгүнкү коллегиянын чечиминин аткарылышы ИИМдин Башкы штабы тарабынан көзөмөлгө алынып, анын аткарылышына өзгөчө көңүл бурула тургандыгы белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий