• 87
  • 90.41
  • 0.84

Якутск шаарында Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине арналган кече өттү

Маданият 0

Бишкек, 22.12.23. /Кабар/. Россиянын Саха Республикасынын (Якутиянын) борбору Якутск шаарында залкар кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине арналган кече өттү.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришкендей, кече күн мурун, 21-декабрда П.А. Ойунский атындагы Адабият музейинде орун алды.

Иш-чарага “Кыргыз конгресс” диаспора уюмунун, Саха Республикасынын илимий-чыгармачылык ишмерлеринин өкүлдөрү катышты.

Якутиянын чыгармачыл коомчулугунун өкүлдөрү өз сөзүндө Чыңгыз Айтматов менен өткөн жолугушууларды эскерип, анын чыгармаларынын маанилүүлүгүн жана бүткүл адамзат үчүн актуалдуулугун, ошондой эле классиктин чыгармачылык мурасынын дүйнөлүк маданияттагы ордун белгилешти.

Мындан сырткары, Ч.Айтматовдун саха жана орус тилиндеги китептеринин көргөзмөсү уюштурулуп, жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу даректүү тасма көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, кече Саха Республикасынын Адабият музейинин жана Руханий академиясынын демилгеси жана Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Якутск шаарындагы кеңсесинин көмөгү менен уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий