• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жайында манасчы Саякбай Каралаев тууралуу тасма көрүүчүлөргө сунушталат

Маданият 0

Бишкек, 29-март /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. “Саякбай 20-кылымдын Гомери” тасмасы үстүбүздөгү жылы жайында көрүүчүлөргө сунушталат. Бул тууралуу аталган тасманын аткаруучу продюсери Сүйүм Сулайманова билдирди.

Анын айтымында, тасманын бет ачары болжол менен июнга пландалууда. “Биз азырынча так күнүн чечип жатабыз, көрүүчүлөргө июнда көрсөтүүбүз мүмкүн”, - деди ал.

С.Сулайманова белгилегендей, кинотасманы режиссер Эрнест Абдыжапаров, койгон оператору Хасан Кыдыралиев, үн режиссер Бакыт Ниязалиев, койгон сүрөтчү Толгобек Койчуманов тартып жатышат. Башкы продюсери Самат Ибраев жана “Саякбай манасчы” фонду.

“Башкы ролду Марат Жанталиев, Бактыбек Нурмат уулу жана көпчүлүккө таанымал 8 жашар манасчы Үмөт Болот уулу аткарышат. Тасмада Саякбай Каралаевдин Чыңгыз Айтматов менен жолугушкан учуру бар. Жазуучуну анын баласы Эльдар Айтматов ойнойт”, - деп билдирди ал.

Эскерте кетсек, тасма өткөн жылы августта тартылып баштап, октябрда аяктаган.

Саякбай Каралаев – советтик кыргыз акыны жана улуу манасчы. 1894-жылы Ысык-Көл облусунун Семиз-Бел деген жеринде Бугу уруусундагы Карала кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Анын эс тутуму абдан жакшы болгон, кыргыз улуттук фольклорун жакшы билген. Манасчы “Манас” үчилтигинин өзү иште чыккан эпикалык сюжеттерин аткарган. Мыкты төкмө акын болгон. С.Каралаев көптөгөн медалдар менен сыйланып, Кыргыз ССРинин эл артисти болгон.

Каралаев 1971-жылы 7-майда Фрунзеде каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий