• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргыз-индия мамилесине 30 жыл: Нью-Делиде кыргыз искусство чеберлери концерт койду

Маданият 0

Бишкек, 14.10.22. /Кабар/. Нью-Делиде Кыргызстан менен Индиянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамблинин жана “Ак Марал” мамлекеттик бий ансамблинин салтанаттуу концерти өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Үстүбүздөгү жылдын 12-октябрында өткөн иш-чарага Индиянын Тышкы иштер министрлигинин астындагы Маданий байланыштар боюнча индия кеӊеши (ICCR), парламенттин мүчөсү Винай Сахасрабудхе, Индиянын мамлекеттик тышкы иштер министри Радж Кумар Ранжан Сингх ардактуу конок катары катышты.

Иш-чарага ошондой эле кеңештин башкы директору Кумар Тухин, мамлекеттик органдардын, ишкер чөйрөлөрдүн, бизнес-коомчулуктун, ошондой эле Нью-Делиде аккредиттелген дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, маданият ишмерлери жана Индияда жашаган Кыргызстандын жарандары катышты.

Кыргызстандын Индиядагы элчиси Асеин Исаев өз сөзүндө кыргыз-индия мамилелеринин 30 жылдык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын, ошондой эле келечектеги пландарды белгиледи.

Мамлекеттик тышкы иштер министри Сингх өз кезегинде Кыргызстан менен Индиянын ортосунда 30 жылдан бери дипломатиялык мамилелер түзүлүп, өз ара аракеттенүүнүн бардык тармактарында жемиштүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө мүмкүндүк берген терең өз ара түшүнүшүү бар экенин баса белгиледи.

Кечеде "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамблинин аткаруусунда Токтогул, Карамолдо, Ыбырай жана башка чыгаан элдик композиторлордун чыгармалары жаңырды.

Кеченин солисттери КР Эл артисти Саламат Садыкова, ошондой эле “Кыргыз жери”, “Барам сага”, “Эсиңдеби” жана башка популярдуу чыгармаларды аткарган Кундуз Таштаналиева жана Аскат Мусабековдор болушту.

Мамлекеттик “Ак Марал” бий ансамбли кыргыздын элдик бийлерин тартуулап, көрүүчүлөр дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп алышты.

Концерт коомчулуктун чоң кызыгуусун жаратып, көрүүчүлөргө кыргыз музыкасынын жана бийинин унутулгус кечесин тартуулады.

Пикир

Оставить комментарий