Иан Борч: ЕККУ Кыргызстан менен өз ара аракеттенүүсүн активдештирүү ниетинде

Саясат 0

Бишкек, 27.06.24. /Кабар/. "Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Кыргызстан менен бекем байланыштары ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин ишмердүүлүгү менен тастыкталат, бул өз кезегинде биздин жалпы жыргалчылыктарга умтулуубуздун далили", - деди ЕККУнун учурдагы төрагасы, Мальтанын тышкы, европалык иштер жана соода министри Иан Борч КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында.

Анын айтымында, ЕККУ аймактык туруктуулук жана коопсуздук кызыкчылыктарында колдоого дайым даяр. "Биз экономикалык өнүктүрүү, санариптештирүүгө жардам берүү, трансулуттук коркунучтар менен күрөшүү, гендердик теңчиликти илгерилетүү, калктын климаттын өзгөрүүсү жана анын коопсуздукка таасири тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу сыяктуу ар түрдүү маанилүү маселелер боюнча Кыргызстан менен ЕККУнун ортосундагы конструктивдүү диалогду жогору баалайбыз", - деди ал.

Иан Борч белгилегендей, климаттын өзгөрүүсү ЕККУнун аймагында жана анын чегинен тышкары туруктуу жана гүлдөп өнүгүүгө, коопсуздук жана туруктуулукка терс кесепеттерин тийгизүүчү учурдун эң актуалдуу көйгөйлөрүнүн бири бойдон калууда.

"Биз коомчулуктун табигый кырсыктарга туруктуулугун жогорулатуу боюнча аракеттерибизди күчөтүшүбүз керек. Бул тобокелдиктерди азайтуу, эрте эскертүү жана ЕККУнун бүткүл аймагында, анын ичинде Борбор Азияда кризисти башкаруу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууну камтыйт. Мындай демилгелер биздин терең кызматташтыгыбыздын маанилүүлүгүнүн ачык далили болуп саналат", - деди ал.

Ошондой эле ЕККУнун жетекчиси уюмдун Борбор Азиядагы ишмердүүлүгү чек аралардын коопсуздугун чыңдоо, практикалык машыгуулар аркылуу адам сатууга каршы күрөшүү боюнча чараларды күчөтүү жана климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу тобокелдиктерди регионго пайда алып келүү жагынан жоюу үчүн ар тараптуу кызматташтыкты колдоого багытталганын белгиледи.

"Биз биргеликте аймактык туруктуулукту жана өнүгүүнү бекемдөөгө умтулабыз жана Кыргызстан менен кызматташтыгыбызды жигердүү өнүктүрүүнү чыдамсыздык менен күтөбүз", - деди Борч.

Пикир

Оставить комментарий