• 87
  • 90.43
  • 0.88

Яндекс Go: коопсуздук курун тагынуу адам өмүрүн сактайт

Коом 0

Бишкек, 14.11.23. /Кабар/. 14-ноябрда бүткүл дүйнө жүзүндө Коопсуздук курунун күнү белгиленет. Сервис тиркемеге бул курдун пайдалуу жактары жөнүндө эскертме киргизип, ушул маанилүү күндү колдоду.

ДСУ статистикасы боюнча, эгерде адам автоунаада курду тагынып отурган болсо, жол-транспорт кырсыгы болгон учурда олуттуу жаракат алуу тобокелдиги 1,6 эсеге азаят. Сервис автоунаанын арткы орундугунда да коопсуздук курун курчануу өтө маанилүү экенин белгелейт – бул аварияда айдоочуну, жүргүнчүнү жана салондогу башка адамдарды ыктымал жаракат алуудан сактайт.

Биз Яндекс Go маалымат сервиси аркылуу аткарылган сапарлар коопсуз болсун үчүн ар бир кардар автоунаага отурганда дароо коопсуздук курун тагынуусу зарылдыгын эске салабыз. Эгерде колдонуучу коопсуздук кур жакшы иштебей турганын билдирсе, мындай машиналар сөзсүз түрдө сервистин кошумча текшерүүсүнөн өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий