• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Улуттук статистика комитетинин жаңы төрагасы эмгек жамаатына тааныштырылды

Коом 0

Бишкек, 10.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 10-декабрда, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев Улуттук статистика комитетинин жаңы төрагасы Бактыбек Кудайбергеновду жалпы жамаатына тааныштырды.

Улутстаткомдун жамаатынын алдында сүйлөгөн сөзүндө Бактыбек Кудайбергенов жамаат менен биргеликте алгылыктуу иш алып барышына жана Улутстаткомдун алдында коюлган маанилүү максаттарды чогуу жүзөөгө ашыруу ниетин билдирди.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Бактыбек Кудайбергенов Улуттук статистика комитетинин төрагасы болуп дайындалды.

Буга чейин бул кызматты аркалап келген Самат Насирдинов президенттин жарлыгы менен ээлеген кызматынан бошотулду.

Пикир

Оставить комментарий