• 85.8
  • 93.14
  • 0.88

Яндекс кайрымдуулук уюмдарын колдоо үчүн «Кеӊ пейил ноябрь» акциясын баштайт

Коом 0

Ноябрь айында Яндекс «Кеӊ пейил ноябрь» кайрымдуулук акциясын өткөрөт. Жума күндөрү Яндекс Go сервистери аркылуу буйрутма берген ар бир колдонуучу бул демилгеге катышуучу боло алат.

Компания Такси менен Жеткирүүнүн бардык тарифтери боюнча жүргөн унаалардын ар бир 10 чакырымынан 1 сомдон кайрымдуулукка которот. Ал эми жума күнү Тамакка берилген 400 сомдон жогорку ар бир буйрутмадан фонддор 5 сомдон алат.

Чогулган каражаттар «Кыргыз азиздер жана азиздер спорт федерациясы» , «МБАА», «Сантерра-Юг», «Үмүт-Надежда», «Заманбап Мугалим» кайрымдуулук уюмдарынын ортосунда теӊ бөлүштүрүлүп берилет.

Асел Бектенова, «Заманбап мугалим» фондунун директору: «Биздин уюм айылдык мектептерде иштөөгө жаратман-мугалимдерди даярдоо менен алектенет. «Кеӊ пейил ноябрь» акциясы – бул биздин демилгени колдоого көптөгөн адамдарды тартуу мүмкүнчүлүгү. Биз Yandex менен кызматташып жатканыбызга кубанычтабыз, анткени кайрымдуулук менен технологиянын ушундай биригиши аркылуу өлкөбүздүн келечегин ойлогон көптөгөн жарандарды долбоорго кызыктырып, тарта алабыз»

Инга-Ханна Шелике, "Үмүт-Надежда" БРБ Башкарма төрайымы: «Ар бир жөнөкөй кадам кимдир бирөөнүн өмүрү үчүн чоӊ салым болушу мүмкүн! Акцияга катышуу үчүн чоӊ рахмат, бул биздин миссиябызды бөлүшүүгө жана майыптыгы бар балдар үчүн каражат тартууга мүмкүндүк берет. Болгону таксиге, жеткирүүгө же тамакка буйрутма берүү менен жардам кылуу эӊ жакшы. Ушундай жеткиликтүү система аркылуу бардык каалоочулар кайрымдуулук ишке жана балдарды колдоого оӊой кошула алышат. Жакшылык кылуу күндөлүк иштердин бир бөлүгү болуп калганда жардам берүү жеӊил!».

Яндекстин «Кеӊ пейил ноябрь» акциясы өлкөдө экинчи жолу өткөрүлөт. Бул компаниянын Коммерциялык эмес уюмдарды колдоо долбоорлорунун бири. Компанияга өнөктөш бир нече уюмдун камкордугунда турган адамдар жана профилдик адистер дагы туруктуу кайрымдуулук программасынын алкагында Яндекс Go тарабынан акысыз сапарлар жана жеткирүүлөр кызматын ала алышат.

2023-жылы «Кеӊ пейил ноябрь» акциясынын алкагында жыйналган кайрымдуулук каражаттарынын жардамы менен «Биринчи балдар хосписи» камкордукка алынгандар үчүн зарыл керектелүүчү материалдарды сатып алды. «Бириккен кол» коомдук бирикмеси бөлүнгөн акчалай каражатты аутизмге кабылган балдардын үй-бүлөлөрү үчүн сайт жана мобилдик тиркеме иштеп чыгууга багыттаган. Help the Children — SKD кайрымдуулук каражаттарын фонддун камкордугунда турган балдар үчүн эӊ зарыл дары-дармектерди сатып алууга жумшаган. Ал эми «Үмүт-Надежда» ашкана гарнитурасын сатып алган – эми балдар ыӊгайлуу шарттарда тамак-аш даярдашат.

2023-жылдагы «Кеӊ пейил ноябрь» акциясынын жыйынтыгы боюнча, Яндекс Кыргызстандын кайрымдуулук уюмдарына 600 миӊ сом акча өткөрүп берген.

2024-жылы акцияга катышып жаткан кайрымдуулук уюмдары жөнүндө маалымат:

  • Кыргыз азиздер жана азиздер спорт федерациясы көрүүсү начар адамдарды колдоо жана реабилитациялоо, билим берүү жана ишке орноштуруу аркылуу коомго интеграциялоо менен иш жүргүзөт. Уюм спорттук багытты дагы өнүктүрөт, Паралимпиада оюндарына атлеттерди даярдайт жана жеткиликтүү китепканалар менен басмаканаларды түзүүнүн үстүндө иштейт.
  • «Сантерра - Юг» фонд — Дауна синдрому бар балдардын ата-энелери тарабынан түзүлгөн, өнүгүүсү өзгөчө балдардын дараметин ачуу үчүн билим берүү, спорттук жана социалдык программаларды сунуштаган ресурстук борбор. Бул борбор ар бир балага билим алууда жана социалдаштырууда бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу менен инклюзивдик коомду түзүүнүн үстүндө иш жүргүзөт. Фонддун миссиясы – коомго интеграциялоо аркылуу өнүгүүсү өзгөчө адамдардын жашоо сапатын жакшыртуу болуп саналат.
  • «Үмүт-Надежда» балдардын реабилитациялык борбору ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды реабилитациялоо менен иштейт, дарылоо педагогикасы боюнча адистерди окутат жана майыптыгы бар балдарды жана алардын ата-энелерине социалдык-психологиялык жардам көрсөтөт.
  • "Teach for Kyrgyzstan - Заманбап Мугалим" — бул таланттуу жана креативдүү жаратман-мугалимдерди айылдык мектептерде иштөөгө даярдаган билим берүү программасы. Программа ар түрдүү тармактагы адистерди эки жыл аралыгында аймактык жана айылдык мектептерге иштөөгө тартат. Программанын негизги максаты - билим берүүдөгү теңсиздикти кыскартууга жөндөмдүү жана аны менен Кыргызстандын креативдүү экономикасынын өнүгүшүнө өбөлгө болуучу кесипкөй-жаратмандардын коомчулугун түзүү.
  • Майыптыгы бар балдардын ата-энелеринин бирикмеси “АРДИ” 1995-жылы негизделген жана ата-энелер менен майыптыгы бар балдардын көйгөйлөрүн жана муктаждыгын чечүүгө арналган. “АРДИ” Кыргызстанда ушул сыяктуу биринчи бирикме болуп калган. Иштей баштагандан тартып бул уюм ата-энелерге жана алардын балдарына гуманитардык жана техникалык жардам берүү, юридикалык жана психологиялык кеӊеш берүү, билим берүүчү жана маданий-оюн зоок иш-чараларын өткөрүү аркылуу жүздөгөн ата-энеге жана майыптыгы бар балдарга жардам берген. Учурда 300 ашык ата-эне жана болжол менен ошончо сандагы майыптыгы бар балдар Бирикменин мүчөсү.

Пикир

Оставить комментарий