• 87
  • 90.41
  • 0.84

Яндекстин Программалоо мектебине кабыл алуу ачылды

Бизнес 0

Яндекс 6-сентябрдан баштап Программалоо мектебинде Python тилин акысыз окутууга арыздарды кабыл ала баштады. Мектепке 14-17 жаштагы окуучулар өтүүгө укукту. Компания быйылкы жылы орундардын санын эки эсеге көбөйтөт.

Сабактарда жогорку класстын окуучулары Python программалоо тилинде иштөөнүн негиздери менен таанышат, тилдин негизги түшүнүктөрүн, конструкциясын жана китепканаларын окуп үйрөнүшөт.

Сабактар ​​катышып окуунун негизинде №53 орто мектепте, №75 орто мектеп-лицейинде, №62 ОТК МГсы – жумасына эки жолу бир жарым сааттан өткөрүлөт. Быйыл Мектептеги орундардын саны эки эсеге көбөйөт. Долбоорго катышуу толугу менен акысыз, бирок Программалоо мектебине тапшыруу зарыл. Быйыл катышуучуларды тандоо 15-сентябрда аяктайт.

Программалоо мектебине кабыл алуу эки этаптан турат – тестирлөө жана аңгемелешүү. Адегенде долбоордун сайтында катышуу үчүн арыз толтуруу керек. Жооп катары тестке шилтемеси бар кат жиберилет. Эгерде талапкер тесттен ийгиликтүү өтсө, анда ал маектешүүгө чакырылат.

Программалоо мектебинин 2023-жылдагы бүтүрүүчүлөрү Яндекс Лицейинин Адистиктерине жазылып, онлайн-форматта программалоо дүйнөсүнө жана популярдуу IT-кесиптерге чөмүлүүнү уланта алышат. Бүтүрүүчүлөр төмөнкү үч айлык курстарга акысыз кире алышат: Django, Маалыматтарды талдоо, Машиналарды окууту, Чоң маалыматтар, Go тилинде программалоо.

Яндекс программалоо мектеби — 14-17 жаштагы мектеп окуучулары үчүн Python тилинде программалоонун негиздерин үйрөнүү боюнча эл аралык долбоор.

Кыргызстанда бул долбоор алгач 2023-жылы Бишкектеги үч билим берүү мекемесинин (Санариптик инновациялар академиясы, №102 орто мектеп, №75 орто мектеп-лицейи) базасында башталган. Долбоор Яндекс Go каржылык жана эксперттик колдоосу менен ишке ашырылууда.

Пикир

Оставить комментарий