• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Япония менен Кыргызстан соттук экспертиза тармагы боюнча биргелешип иш алып барат

Коом 0

Бишкек, 13.12.24. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматына Япониянын Юстиция министрлигинин Илимий изилдөө жана окутуу институтунун Эл аралык кызматташуу департаментинин башкы директору Рёта Такемото жетектеген делегация келди.

Ведомстводон билдиришкендей, тараптар соттук экспертиза тармагындагы кызматташуунун келечегин талкуулашты. Тажрыйба алмашуу, заманбап технологияларды киргизүү жана квалификациялуу адистерди даярдоого өзгөчө көңүл бурулду.

Соттук-эксперттик кызматтын төрагасы Талантбек Кожонов эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, кызматтын ишинин негизги багыттарынын бири экенин белгиледи.

«Биз Япониянын соттук-эксперттик уюмдары менен ишмердүүлүктүн бардык чөйрөлөрүндө, анын ичинде трансулуттук кылмыштуулукка, экологиялык жана интеллектуалдык менчикти бузууга каршы күрөштө, ошондой эле улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген техногендик инциденттерди иликтөөдө тыгыз байланыш түзүүгө кызыкдарбыз», - деди Кожонов.

Ал эми Рёта Такемото кол коюлган кызматташуу меморандумунун алкагында жакынкы арада биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүп, бир катар тармактарда долбоорлорду ишке ашыруу пландалып жатканын белгиледи.

Жолугушуунун расмий бөлүгүнөн кийин япон делегациясына Соттук-эксперттик кызматтын иши көрсөтүлүп, өткөрүлүп жаткан экспертизалардын кеңири спектри тааныштырылды. Кызматта алардын саны 45, анын ичинде колжазма, экономикалык, курулуш-техникалык, материалдарды, заттарды жана буюмдарды экспертизалоо, өрт-техникалык, лингвистикалык, автотехникалык, баллистикалык жана башка көптөгөн экспертизалар бар.

Белгилей кетсек, жолугушуу президент Садыр Жапаровдун өткөн жылы Японияга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлган эки өлкөнүн Юстиция министрликтеринин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандумду ишке ашыруунун алкагында өттү.

Пикир

Оставить комментарий