• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Япония туризм жаатында Борбор Азия өлкөлөрү менен тыгыз кызматташууга кызыкдар

Коом 0

Бишкек, 31.01.20. /Кабар/. Токио шаарында кечээ, 30-январь күнү Япониянын Тышкы иштер министрлиги жана Япон туристтик агенттиктердин бирикмеси (JATA) тарабынан уюштурулган «Борбор Азия жана Япония» диалогунун алкагында туризм тармагындагы эксперттердин деңгээлиндеги жолугушуусу өттү.

КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, эксперттер Борбордук Азия өлкөлөрүнүн туристтик потенциалы, бир катар өлкөлөргө барууну камтыган уникалдуу туристтик маршруттар, ошондой эле туристтик чөйрөнү өнүктүрүү жана алга жылдыруу боюнча региондун өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнүн демилгелери жана аракеттери жөнүндө маалымат беришти.

Япония тарап туризмди өнүктүрүү үчүн бирдиктүү Борбор Азия өлкөлөрүнүн туристтик виза киргизгенге мындан ары дагы тыгыз кызматташууга чакырды. Ошондой эле жолугушуу алкагында эксперттер Япониянын туроператорлору менен кесиптик байланыштарды түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Жолугушууга Япониянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн элчиликтердин дипломаттары жана туризм тармагындагы эсперттери, JATA, ошондой эле япон туристтик агенттиктери катышты.

Пикир

Оставить комментарий