• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ички иштер министрлигинде экстремизмдин алдын алуу борборун түзүү сунушталды

Коом 0

Бишкек, 14.07.22. /Кабар/. Бишкекте Ички иштер министрлигинин демилгеси менен “Кыргызстанда экстремизмдин чакырыктары жана ага каршы аракеттенүүнүн артыкчылыктары” темасында тегерек стол өттү.

Ведомстводон билдиргендей, иш-чара эки күнгө созулуп, ага Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары Улан Бердибаев, аталган кызматтын улук инспектору Манас Аманбаев, мамлекеттик органдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Тегерек стол суроо-жооп форматында өтүп, катышуучулар тарабынан экстремизмди алдын алуу маселеси кызуу талкууланып, анда адам укуктарын жана эркиндиктерин, конституциялык түзүлүштүн негиздерин, КРнын аймактык бүтүндүгүн жана улуттук коопсуздугун экстремисттик иш-аракеттерден коргоо экени баса белгиленди.

Бүгүнкү өткөн иш-чарада “Стратегиялык чечимдер” коомдук фондунун аткаруучу директору Гульмира Маматкеримова сөз сүйлөп, анда ИИМ тиешелүү мамлекеттик органдар жана жумушчу топтун мүчөлөрү менен биргеликте “Экстремисттик аракеттерге каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдын жаңы долбоорун иштеп чыгып, сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилгенин маалымдады.

"ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын алдында өлкөбүздө экстремизм көрүнүштөрүн алдын алуу чөйрөсүн көзөмөлдөгөн борборду түзүү керек. Бул маселеге дагы бийлик өкүлдөрү көңүл бурат деген ойдомун”, - деди ал.

Тегерек столдун катышуучулары айтылган сунушту колдоого алып, өз пикирлерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий