• 88.68
  • 95
  • 0.95

Японияда суу ташкынынан каза болгондордун саны 222 адамга жетти

Кырсык 0

Бишкек, 17.07.18. /Кабар/. Япониядагы суу ташкынынан каза болгондордун саны 222 адамга жетти, - деп билдирет Киодо агенттиги.

Агенттиктин маалыматында, жаратылыш кырсыгынын болгондугуна 10 күндөн ашса да азырынча дагы 20 адамдын кайсыл жерде экендиги белгисиз бойдон калууда.

Жабыркаган райондордо дүкөндөр иштебейт, суу түтүкчөлөрү иштен чыккан. Эвакуациялык пункттарда гуманитардык жардам берүү жана ыктыярчылрды кабыл алуу пункттары ачылган.

Июль айынын алгачкы күндөрү Япониянын борбордук жана түштүк-батыш бөлүгүндө нөшөрлөгөн жаан жаап, натыйжада суу ташкыны болгон. Айрым жерлердеги дарыялардын жээгинен ашкан суулар көптөгөн аймакты каптап калган.

Булагы: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий