• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Токмоктогу үрөй учурган жол кырсыгы. 5 адам каза болуп, 3 жүргүнчү жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 17.12.18. /Кабар/. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 50-чакырымында саат 16:25тер чамасында жол кырсыгы катталып, 5 адам каза болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, “Фольксваген-Пассат” үлгүсүндөгү унаа менен “Тойота-Ипсум” үлгүсүндөгү унаа кагышып, Пассат унаасы толугу менен күйүп кеткен.

Жол кырсыктын кесепетинен “Тойота-Ипсум” унаасындагы 3 эркек киши жабыркап, 4 эркек киши каза болгон. Мындан сырткары “Фольксваген-Пассат” унаасынын айдоочусу каза болгон. Жалпысынан каза болгондордун саны 5 адамга жеткен.

Кырсык болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары, милиция кызматкерлери жана медициналык тез жардам кызматынан 1 бригада тартылган.

Тартылган өрт-куткаруу бөлүмү тарабынан унаадан чыккан өрт өчүрүлгөн.

Куткаруучулар унаада кыпчылып каза болгон адамдардын жансыз денелерин чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жабыркаган 3 адам тез жардам кызматынын унаасында райондук ооруканага жеткирилген.

Ал эми каза болгондордун жансыз денелери ушул эле оорукананын өлүк сактоочу жайына жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий