Япониялык компания Бишкектин мастер-планын иштеп чыгууну пландоодо

Коом 0

Бишкек, 20.05.24. /Кабар/. Япониянын Nikken Sekkei Ltd компаниясы Бишкек шаарынын тургундарынын бардык муктаждыктарын жана ыңгайлуулуктарын эске алуу менен шаардын мастер-планын иштеп чыгууну пландаштырууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, план Бишкек шаарынын мэриясы менен Nikken Sekkei Ltd компаниясынын ортосунда кол коюлган шаар куруу жана архитектура жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга ылайык ишке ашырылат.

Белгилей кетсек, бул компания Борбор Азияда биринчи жолу шаар куруу долбоорун ишке ашырмакчы.

Nikken Sekkei Ltd – бул экологиялык жана экономикалык туруктуулукка, функционалдуулукка жана келечектүү ой жүгүртүүгө багытталган комплекстүү архитектура жана шаар куруу чечимдерин сунуш кылган дүйнөдөгү №1 япониялык компания.

Аталган компания бүгүнкү күнгө чейин дүйнө жүзү боюнча көптөгөн масштабдуу долбоорлорду, тактап айтканда, Кытайдагы Шанхай Гренландия борбору, «Линия жизни» Сингапур темир жол коридору, Красноярск акылдуу шаарынын түзүлүшү, Эр-Рияддын түндүк бөлүгүнүн башкы планы, Коломбо порт шаарынын Жаңы каржы району, Форте Тауэрс – Дубай опера району, Япониядагы көптөгөн долбоорлор, Владивостоктун борбордук бөлүгүнүн мастер-планы, Москванын стратегиялык шаар пландоосу (Рублево-Архангельск “акылдуу шаар”) жана башкаларды ишке ашырган.

Пикир

Оставить комментарий