• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Япониялык компания Кыргызстанда гравитациялык генераторлорду орнотуу боюнча пилоттук долбоор баштайт

Коом 0

Бишкек, 20.11.23. /Кабар/. Япониянын Metarise Japan компаниясы Кыргызстанда гравитациялык генераторлорду орнотуу боюнча пилоттук долбоорду баштоону пландаштырып жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун аталган компаниянын өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда айтылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө кубаттуулугу саатына 3-5 киловатт болгон электр энергиясын иштеп чыгаруучу гравитациялык генераторду көрсөтүлүп, компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берилди.

"Компания Японияда көрсөтүлгөн жабдууларды чыгарууга эксклюзивдүү патент алган жана Кыргызстандагы электр энергиясынын альтернативдүү булактары боюнча маселелерди чечүүгө салым кошууга ниеттенүүдө", - деп айтылат президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Мамлекет башчысы берилген маалыматтар менен таанышып чыгып, Кыргызстан жапон инвесторлору жана жаңы технологиялар үчүн ар дайым ачык экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий