• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Көңүл бургула! Кыргызстандын Санкт-Петербургдагы Башкы консулдугунун дареги өзгөрдү

Коом 0

Бишкек. 04.04.24. /Кабар/. Кыргызстандын Санкт-Петербург шаарындагы Башкы консулдугу 1-апрелден баштап жаңы дарекке көчтү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан маалымдашты .

Башкы консулдук эми Санкт-Петербург ш., Набережная реки Фонтанки көч., 50 дарегинде жайгашкан.

Эми мындан кийин консулдук-укуктук жардам көрсөтүү, КР мыйзамдарына ылайык документтерди тариздөө, ошондой эле Түндүк-Батыш федералдык округунда жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн жогоруда көрсөтүлгөн дарекке кайрылуу керек болот.

Ишеним телефону: +7-962-688-25-06; +7-929-128-05-08; +7-929-157-05-08; + 7-812-418-24-22.

Пикир

Оставить комментарий