• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Ибраев: Кыргызстан керектелүүчү электр энергиясынын 14 млрд кВт/саат өзү өндүрөт

Экономика 0

Бишкек, 08.12.23. /Кабар/. Кыргызстанда өндүрүлгөн электр энергиясынын 90%ы гидро-электр станцияларынан иштелип чыгат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Министрдин айтымында, быйылкы жылга 12,1 млрд кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгуу пландаштырылууда.

"Анын 11,9 млрд кВт/сааты 1-ноябрга чейин өндүрүлүп чыкты. Буга кошумча 1,9 млрд кВт/саат Жылуулук электр борборунан өндүрүлөт.

2023-2024-жылга карата ЖЭБге 650 миң тонна көмүр ташып келүү пландаштырылган. Казакстандын “Гефес” компаниясы менен 550 миң тонна көмүр жеткирүү боюнча келишим түзгөнбүз. Бүгүнкү күнгө карата көмүр графикке ылайык ташылып келүүдө, кечигүүлөр жок", - деди ал.

Мындан тышкары, министр ата мекендик Кара-Кече көмүр кенинен жана Таш-Көмүр кенинен 50 тонна көмүр ташып келүү каралганын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий