• 87
  • 90.64
  • 0.85

Ибраев: Президенттин кайрылуусу өз убагында жана актуалдуу болду

Коом 0

Бишкек, 06.05.21. /Кабар/. Кечээ, 5-майда президент Садыр Жапаров жаңы Конституцияга кол коюп, кайрылуу жасады.

Мындан улам эксперттик коом тегерек столго чогулуп, президенттин кайрылуусун талкуулашты.

Эл аралык билим берүү жана изилдөө борборунун директору Алмаз Ибраев президент оор кырдаалда элге кайрылуу жасап туура кылганын айтат. Анын кайрылуусунда элди бириктирүүгө, улуттук баалуулуктардын жана экономиканын өнүгүшүнө багытталган сөздөр камтылган”, - дейт ал.

Ибраев калк президенттик башкаруу формасын тандагандыгына токтолду.

“Садыр Жапаров оор учурда жоопкерчиликти өз моюнуна алып чоң иш кылды. Өз кайрылуусунда мамлекеттин абалы жана оор кырдаалдан чыгуу жолдорун айтты. Азыр ар бир багыт боюнча алгоритмди тандап алып, аны ишке ашыруу керек”, - деп айтат ал.

Пикир

Оставить комментарий