Ибраев ШКУга мүчө мамлекеттердин энергетика министрлеринин жыйынына катышты

Коом 0

Бишкек, 22.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев Казакстандын Астана шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин энергетика министрлеринин төртүнчү жыйынына катышты.

Жыйын ШКУга мүчө-мамлекеттердин тиешелүү ведомстволорунун жетекчилери, байкоочулар жана өнөктөштөрдүн катышуусунда өттү.

️Анда тараптар глобалдык жана аймактык энергетикалык күн тартибин өзгөртүүнүн абалына, энергетика тармагынын өнүгүшүн камсыз кылууга багытталган жаңы ыкмаларды жана конкреттүү чечимдерди иштеп чыгууга көмөктөшүп, энергетика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү стратегиялык мамилени талкуулашты.

Мындан тышкары катышуучулар энергетика тармагын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу, инвестиция тартуу жана каржылоо маселелерин боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

“2030-жылга чейинки мезгилге энергетика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча стратегиябыз өз ара пайдалуу кызматташуу, туруктуу өнүгүү жана аймактарыбыздын экономикалык өсүшүнө көмөк көрсөтүү принциптерине негизделген. Ал биздин улуттук экономикабызды да, элдерибиздин жалпы жыргалчылыгын да кызыктырган артыкчылыктуу багыттардын кеңири спектрин камтыйт. Биздин жаңы Стратегиябыз өз ара пайдалуу мамилелерибизди бекемдеп гана тим болбостон, биздин өлкөлөрдүн жана бүтүндөй аймактын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган келечектеги инновациялык долбоорлордун жана биргелешкен демилгелердин негизи болуп калат деп ишенебиз” - деди министр Таалайбек Ибраеге жыйында сүйлөгөн сөзүндө.

️Мындан тышкары министр Таалайбек Ибраев энергетика тарамгында кызматташуу максатында Тажикстан энергетика жана суу ресурстары министри Далер Джумаев, Иран энергетика министри Мехрабиян Али Акбар, ошондой эле Кытай мамлекеттик энергетика башкармасынын башчысыын орун басары Цзиньсун Ван менен жолугушуу өткөрдү.

Ал эми ШКУга мүчө мамлекеттердин энергетика министрлеринин төртүнчү жыйынынын жыйынтыгында делегация башчылары “2030-жылга чейинки ШКУга мүчө мамлекеттердин энергетикалык кызматташтыгын өнүктүрүү” стратегиясынын долбоорун жактырышты.

Пикир

Оставить комментарий