• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Шашылыш эскертүү! Кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 16.01.18. /Кабар/. 2018-жылдын 16-январына чейин жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

ӨКМнин басма сөз кызматынан билдиришкендей, 2018-жылдын 16-январына чейин жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99 чакырымдарында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 45-90, 145-150 чакырымдарында, Красная Горка - Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий