• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Ички иштер министри окуучулардын коопсуздугун камсыздоону тапшырды

Коом 0

Бишкек, 26.08.24. /Кабар/. Ички иштер министри Улан Ниязбеков жаңы окуу жылынын башталышы менен окуучулардын коопсуздугун камсыздоону тапшырды.

Ведомстводон билдиришкендей, бүгүн министр онлайн кеңешме өткөрүп, сентябрь айынын башында жалпы билим берүү мекемелеринде окуу жылы башталарын, ушуга байланыштуу коопсуздук чараларын күчөтүү керектигин эскертти.

Ошондой эле ал жалпы билим берүү мекемелеринде милиция кызматкерлери тынымсыз жолугушууларды уюштуруп, кылмыштуулукка жана укук бузууларга жол бербөө, жол кыймылынын эрежелерин сактоо тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин айтты.

Пикир

Оставить комментарий