• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Корея Кыргызстандын темир жол тармагына гранттык каражат бөлүүдө

Коом 0

Бишкек, 06.09.23. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Акуналы Досалиев "Түштүк Кореянын Улуттук темир жолу" ишканасынын эл аралык иштер боюнча башкы менеджери Юн Чи-Ман менен жолукту.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушууга "Кореянын Улуттук темир жолунун" башкы менеджери Юн Чи-Ман баштаган кызматкерлери жана “Корея темир жолу" ассоциациясынын өкүлдөрү менен министрликтин кызматкерлери катышты.

Акуналы Досалиев корей тарапка "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерине тренинг өткөргөндүгү жана "Балыкчы темир жол" станциясынын "Темир жол сигнализация, борборлоштуруу жана блокировка системасын модернизациялоо боюнча" техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоого гранттык каражат бөлүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Юн Чи-Ман Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан 4 кызматкер Кореядан магистр даражасын алып, азыркы тапта эки кызматкер билим алып жатканын белгиледи. Ошондой эле Корея алдыда кыргыз тараптын темир жол тармагында эмгектенген кызматкерлерин окутууга даяр экенин билдирди.

Белгилей кетсек, 6-7-сентябрда "Кореянын Улуттук темир жолу" менен Кореянын соода жана инвестицияны илгерилетүү агенттиги биргеликте "Кыргыз темир жолу" ишканасынын кызматкерлери үчүн "Темир жол академиясы Кыргызстанда 2023" аттуу тренинг өткөрмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий