ИИМ туристтик сезондо коопсуздукту камсыздоого толук даяр — Урмамбетов

Коом 0

Бишкек, 08.06.24. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин кызматкерлери туристтик сезондо коопсуздукту камсыздоого толугу менен даяр. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдирди.

Бүгүн Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 2024-жылдын жайкы туристтик мезгилине даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында Кыргызстандын ички иштер органдарынын бөлүктөрүнө жана Ысык-Көл облусунун милиция кызматкерлерине гарнизондук саптык кароо өткөрүлдү.

Ага ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, Ысык-Көл облустук милициясынын начальниги Мурат Боронов, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Уланбек Далиев, Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөру катышты.

Октябрь Урмамбетов гарнизондук саптык кароонун максаты 2024-жылкы жайкы туристтик мезгилде коомдук тартипти камсыздоо, кылмыштуулукка бөгөт коюу жана алдын алуу, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо экенин белгиледи.

“Биздин өлкөбүз туризм аркылуу дүйнөгө таанылып, өзүнүн тарыхы, меймандостугу жана кең пейилдиги менен суктандырып келет. Жыл сайын ушул мезгилде жакшы үмүт, аруу тилек менен жайкы туристтик сезонду ачып, коопсуздук шарттарын коомчулукка кеңири жеткирүүнү салтка айлантканбыз. Бүгүн бул саамалыкты улай жарандардын, чет элден келген коноктордун коопсуздугун камсыздоо үчүн гарнизондук бөлүштүрүү өткөрүп жатабыз", - деген ал Кэкоопсуздук маселеси ички иштер министри Улан Ниязалиевдин жеке көзөмөлүндө экендигин кошумчалады.

Анын айтымында, Ички иштер министрлигинин башкы максаты эл-журттун бейпилдигин сактап, эс алуучуларга коопсуздук шартын түзүп берүү болуп саналат.

"Бул иш-чара өлкөнүн негизги туристтик аймагы болуп эсептелген Ысык-Көл облусунда өткөрүлгөнү менен бардык аймактарга түздөн-түз тиешелүү экендигин баса белгилейм. Былтыр Кыргызстанга 10 миллиондон ашуун турист келсе, быйыл андан көп келүүсү күтүлүүдө. Бул артыкчылыкты жогорулатуу жергиликтүү бийлик, укук коргоо жана тиешелүү мамлекеттик органдардын милдети. Туризм жаатында жагымдуу шарттарды түзүү негизги приоритет катары ишке ашырылууда", - деди Урмамбетов.

Министрдин орун басары бүгүнкү күндө жайкы туристтик сезондо коопсуздукту камсыздоого Ички иштер министрлиги толугу менен даяр экенин баса белгиледи.

Ал белгилегендей, учурда республиканын аймагында 4 миңден ашуун видео-камералар күнү-түнү иштеп жатат. 1 миң 220 боди-камера менен камсыздалган кызматкерлер коомдук жайлардагы тартипти камсыздап, кылмыштарга жана окуяларга бөгөт коюу жумуштарын ийгиликтүү ишке ашырып келүүдө. Бүгүн Ысык-Көл облусундагы аймактык тескөөчүлөргө дагы кошумча 136 даана боди-камералар берилүүдө.

"Ошентип, жаңы үлгүдөгү автоунаалар, сууда жүрүүчү скутерлер, планшеттер, дорондор жана заманбап технологиялар аркылуу коопсуздук чаралары толугу менен ишке ашырылат. Эс алуучулар көп келген Бостери айылындагы пляждык аймакка заманбап үлгүдөгү милициянын аймактык пунктун ишке киргизип, видео-камераларды орноттук. Ошондой эле Балыкчы шаарында дагы баардык шарты түзүлгөн пункт ишке берилди. 24 саат боюу кабыл алуучу “102 борбору” жана жарандарга ыкчам көмөк көрсөтүү үчүн координациялоочу “Ыкчам штаб” түзүлдү. Республика боюнча коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун 5 миңден ашуун кызматкер күчөтүлгөн тартипте камсыз кылат", - деди ал.

Сөзүнүн соңунда министрдин орун басары быйылкы жылы Кыргызстанда бир катар мамлекеттик деңгээлдеги эл аралык жолугушуулар жана иш-чаралар өткөрүлөрүн айтып, жүктөлгөн милдеттерди так аткарууну талап кылды.

Жогорудагылардын негизинде, ички иштер органдарына төмөндөгүдөй нускамалык тапшырмалар берилди:

  • жергиликтүү бийлик, укук коргоо органдары, туризм багытында иш алып барган тармактар менен биргеликте ар бир аймактын өзгөчөлүгүнө жараша иш-мерчемдер түзүлүп, күтүүсүз кырдаалга, унаа кырсыктарына, кылмыштарга жана укук бузууларга бөгөт коюлсун;
  • туристтик-экологиялык милиция бөлүктөрү, көчмө кабылдамалар, жол коопсуздугу посттору күчөтүлгөн тартипте иш жүргүзүп, жардам сурап кайрылган жарандарга сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүп, унаа тыгындарын, ар түрдүү одоно тартип, укук бузууларга жол берилбесин;
  • пансионат, эс алуу борборлору, лагерь, ден соолукту чыңдоо жайларында жана эл көп чогулган жерлерде коомдук тартип сакталсын;
  • чет элден келген коноктордун коопсуздугу белгиленген тартипте сакталып, адамдардын, жаш балдардын дайынсыз жоголуп же сууга чөгүп кетүүсүнө бөгөт коюу жумуштары жүргүзүлсүн;
  • элдин арыз-даттануулары боюнча ыкчам иш-чаралар жргүзүлүп, мыйзамдуу чечимдер кабыл алынсын.

Пикир

Оставить комментарий