• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Ички валюта рыногунда абал салыштырмалуу туруктуу сакталууда – Улуттук банк

Экономика 0

Бишкек, 13.06.24. /Кабар/. Азыркы учурда ички валюта рыногунда абал салыштырмалуу туруктуу сакталууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук банкы билдирет.

Финансылык жөнгө салуу органынан билдиришкендей, Улуттук банк валюта саясатын жүргүзүүдө чет өлкө валютасына болгон суроо-талаптын жана сунуштун негизинде алмашуу курсун түзгөн алмашуу курсунун өзгөрүлмөлүү режимин карманат.

Улуттук банк ички валюта жана тышкы финансы рынокторунда түптөлгөн жагдайга дайыма мониторинг жүргүзүп турат.

Алсак, бүгүн, 13-июнда Улуттук банктын төрагасынын орун басары К.Куленбековдун жетекчилиги алдында коммерциялык банктардын жетекчилигинин өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар валюта рыногундагы учурдагы жагдай боюнча пикир алмашып, Кыргызстандын соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрүнүн финансы рынокторундагы өзгөрүүлөр ички валюта рыногуна чектелген таасир тийгизет деп белгилеп өтүштү, анткени Кыргызстандын банк сектору финансылык туруктуулукту сактоо үчүн жетиштүү ресурстарга ээ.

Улуттук банк зарыл болгон учурда валюта рыногунда туруктуулукту сактоо максатында, жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатына ылайык, тиешелүү чараларды көрөт.

Пикир

Оставить комментарий