• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

II Глобалдык медиа форум: Маалымат коопсуздугун сактоонун бир багыты – жалган маалыматтан коргоо

Коом 0

Бишкек, 22.07.24. /Кабар/. Шуша шаарында 20-июлда башталган "Жалган баяндардын бетин ачуу: дезинформация менен күрөшүү" аталышындагы II Глобалдык медиа форум өз ишин улантууда.

Дүйнөнүн 50гө жакын өлкөлөрүнүн журналисттери катышкан эл аралык медиафорумдун негизги максаты – глобалдык жана локалдык контекстте медиа чөйрөдөгү ар кандай тенденцияларды талдоо, медиа тармагындагы актуалдуу маселелер боюнча билим жана тажрыйба алмашууну өркүндөтүү.

Медиафорумдун ачылыш аземинде Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин журналисттердин, эл аралык эксперттердин жана дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген саясат таануучулардын суроолоруна берген жооптору дүйнөлүк медианын көңүл чордонунда болууда. Мында кээ бир өлкөлөр дуушар болушу мүмкүн болгон жасалма интеллект жана манипуляция тууралуу сөздөргө токтолгон мамлекет башчысы жасалма интеллект бир жагынан ар башка тармактардагы иштөөнү жеңилдетерин, бирок ошол эле учурда көптөгөн адамдарды курмандыкка айландыра аларын баса белгиледи. Илхам Алиев муну олуттуу коркунуч деп атап, бул коркунучту алдын алуу боюнча демилгелерге эл аралык деңгээлде көңүл буруу талап кылынаарына токтолду.

"Жалган баяндардын бетин ачуу: дезинформация менен күрөшүү" темасы учурдагы заманбап коомдо дүйнө өлкөлөрү менен катар Кыргызстанда да актуалдуу маселелердин бири. Мамлекеттин маалымат коопсуздугун камсыз кылуу, кыргыз мамлекеттүүлүгүн коргоо, элдин улуттук өзгөчөлүктөрүн сактоо, өлкөнүн маалымат мейкиндигин ар тараптуу жана ырааттуу өнүгүүсүн коргоодо жалган маалыматтын бетин ачуу жана анын таралышына жол бербөө бүгүнкү күндүн талабы.

Маалыматтык коопсуздук – инсандын, коомдун жана мамлекеттин маалыматтык коркунучтардан, жалган маалыматтардан корголгон абалы. Ал эми маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу түзүмүнүн натыйжалуулугу, сапаты Кыргыз Республикасынын дүйнөдөгү ролуна жана ордуна расмий таанылган көз караштардан, анын улуттук баалуулуктарынан, кызыкчылыктарынан жана максаттарынан, өлкөдө, аймактарда жана дүйнөдөгү өзгөрүүлөрдү эске алуу менен тышкы жана ички реалдуу жана олуттуу коркунучтарга каршы туруунун ыкмаларынан жана каражаттарынан көз каранды.

Маалымат коопсуздугун камсыздоодогу мамлекеттик саясат маалымат талаасында өлкөгө, уюмдарга жана адамдарга ар кандай зыян алып келүүчү бурмаланган маалымат агымына каршы мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлүп келет. Бирок маалыматтык коопсуздуктун чакырыктарын жана коркунучтарынын алдын алуу боюнча өлкөдө атайын Маалымат коопсуздугун камсыздоо концепциясын кабыл алуу жана аны ишке ашыруу зарылчылыгы жаралууда.

Белгилей кетсек, медиафорумдун жүрүшүндө Илхам Алиев чет элдик басма сөздө Азербайжан тууралуу көптөгөн жалган маалыматтар жана жаңылыктар жарыяланып жатканына көңүл бурду. "Кээде Азербайжан тууралуу эл аралык маалымат каражаттарында тараган маалымат чындыкка дал келбегени бизди таң калтырат. Башкача айтканда, көп жылдар бою биз фактылардын манипуляциясынын жана жалган маалыматтардын курмандыгы болдук, - деди ал.

Бул Кыргызстан үчүн да тааныш көрүнүш, өлкө тарыхындагы саясий кризис учурларында, чек ара чектеш аймактардагы кагылышууларда Кыргызстан тууралуу такталбаган, жалган маалыматтардын эл аралык деңгээлге чыгып кеткен учурлары катталган. Алгач Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде жалган маалыматтардын таралышына бөгөт коюу максатында "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" 2021-жылдын 23-августунда кабыл алынган КР мыйзамы жарандарды, юридикалык жактардын укуктарын, эркиндиктерин камсыз кылуу менен аларды анык эмес (жалган) маалыматтардан коргойт жана интернет-мейкиндигинде жалган маалыматтарды жайылтууга жол берген жактардын жоопкерчилигин, аталган мыйзам боюнча укуктук мамилелердин субъекттеринин укуктарын жана милдеттерин белгилейт. Бул мыйзамдын негизинде интернет-мейкиндигинде анык эмес маалыматтарды жайылтууга жол берилбейт.

Форумда дүйнөлүк заманбап маалыматтык чөйрөдө жалган маалыматтардын тездик менен жайылуу маселеси талкууланып, бул өнүгүүгө жана глобалдык туруктуулукка эң маанилүү коркунучтардын бири экендиги белгиленүүдө. Иш-чарага Кыргызстандан президентинин аппаратынын тышкы саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков жана Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев катышууда.

Ар кандай жалпыга маалымдоо каражаттарында технология берген көптөгөн мүмкүнчүлүктөр, туруктуу өсүш, коомчулукка ишенимдүү маалымат берүү үчүн маалыматтык каналдарда системаларды түзүү менен байланышкан жаңы ыкмаларды, инструменттерди жана механизмдерди иштеп чыгуу зарылдыгы жөнүндө талкуулар жүргүзүлүүдө. Форумдун катышуучулары санариптик технологиялар доорунда дезинформациядан келип чыккан кыйынчылыктарга каршы күрөшүүнүн инновациялык ыкмаларын жана активдүү стратегияларын үйрөнүүгө, бул багытта өз ара аракеттенүүнү колдоого жана кеңейтүүгө умтулушат.

Пикир

Оставить комментарий