Бишкек, 06.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын көк бөрү боюнча улуттук курама командасы 31-июлдан 13-августка чейин Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдануу максатында окуу-машыгуу
жыйындарынын I этабын төмөнкү курамда өткөрүүдө:
Жалпысынан 12 улакчы, 1 машыктыруучу.
Курама жамаат:
1. Марлис Койгелдиев 1982-ж. (минген аты Арбат)
2. Султан уулу Кубаныч 1992-ж. (Атаман)
3. Айбек Темирбаев 1991-ж. (Ахилес)
4. Эрлан Толобеков 1993-ж. (Дерский)
5. Замирбек уулу Таштемир 1990-ж. (Алай)
6. Нурманбет уулу Чубак 1994-ж. (Ак-Куш)
7. Мелисбек уулу Нуржан 1994-ж. (Эрке-Тору)
8. Уланбек Насакеев 1987-ж. (Арча-Тору)
9. Батырбек уулу Аскат 1993-ж. (Токмок)
10. Манас Ниязов 1993-ж. (Бойка)
11. Рустам Тыналиев 1989-ж. (Комбат)
12. Анарбек уулу Сейитбек 1992-ж. (Кара-Куш)
Саяпкерлер:
1. Таалай Мырзакматов 1969-ж.
2. Тилек Урманбетов 1980-ж.
3. Калыбек Алтыбаев 1968-ж.
Машыктыруучу:
4. Туташев Мыктыбек 1972-ж .
Эскерте кетсек, көк бөрү боюнча окуу-машыгуу жыйындарынын II этабы ушул эле курамда 18-31-августка чейин Ысык-Көл обулусунун Чолпон-Ата шаарында өтөт. Бардыгы 19 адам, резервдеги спортчулар менен окуу-машыгуу жыйынына чыгышты.
Кыргыз Республикасынын көк бөрү боюнча улуттук курама командасынын окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүгө Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынан 1 млн 98 миң сом бөлүндү.
Көк бөрү – ат үстүндө ойнолуучу улуттук оюн. Команданын курамы – 12 оюнчу, 1 машыктыруучу, 3 саяпкерден турат. Көк бөрү мелдешине 18 жаштан өйдөкү оюнчулар киргизилет. Оюн эркектер арасында өткөрүлөт. Мелдеште катышуучу курамда 8 оюнчудан кем болбошу керек. Ар бир команда экиден комплекттеги ар кандай түстөгү формага ээ болушу кажет. Алсак, тебетей, өтүк, камчы жана катар номерлүү бирдиктүү форма кирет. Мелдешке бир күн калганда спорттун бул түрү боюнча судьялардын техникалык жыйыны өткөрүлүп, командалардын өкүлдөрү чүчкулак кармашат жана түшкөн билдирүүлөргө жараша оюндарды өткөрүү тартиби аныкталат. Көк бөрү боюнча жогорку көрсөткүчтөгү командалар экиге бөлүнөт. Ар бир оюн башталаар алдында командалардын өкүлдөрүнөн улакты салмактоого катышышат. Жарым финалда жана финалдагы командалардын теңтайлаш оюндарында кошумча убакыт берилет. Кошумча берилген убакытта “алтын туш” эрежеси киргизилет. Кошумча убакта теңтайлашаса, анда буллит ойнотулат. Мелдештин жыйынтыгында улакты эң көп ыргыткан оюнчуга “Көк бөрүнүн улуу оюнчусу” жана оюнчунун атына “Улуу көк бөрүчү ат” наамдары ыйгарылат.
“Көк бөрүнүн улуу оюнчусуна” кошумча акчалай жана баалуу, сыйлыктар,этноатрибуттар менен сыйланып, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын “Улуу жеңишчилер китебине” жазылат. Бул оюнчу кийинки оюндардын ардактуу коногу болуп калмакчы. Кийинки оюнда өз наамын коргоп кала албаса, китепке кирүү мелдешине катыша албайт. Мелдеш Кыргыз Республикасынын эрежелеринин негизинде өткөрүлөт.
Пикир
Оставить комментарий