III ДКО. Кырчында 126 аял ооз комузда “Тагылтыр тоону” аткарышты

ДКО 2018 0

Ысык-Көл, 06.09.18. /Кабар/. Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын алкагында Кырчын жайлоосундагы Ысык-Көл облусунун Ордосунда 126 аял Адамкалы Байбатыровдун “Тагылтыр тоо” чыгармасын аткарышты.

Ысык-Көл облусунун Кырчын этношаарчасындагы Ордосунда 500 адамдын катышуусунда “Түндүк которуу” театралдаштырылган оюн-зоок болду.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары Эльмира Усенованын айтуусунда, “Түндүк которуу” үлпөт тойго байланышкан салтанаттуу жөрөлгө болуп саналат.

Андан тышкары 126 аял улуттук кийим кийип, бардыгы биргеликте ооз комуз менен Адамкалы Байбатыровдун “Тагылтыр тоо” чыгармасын аткарышты.

Пикир

Оставить комментарий