• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

III Элдик курултай. 3 миңден ашык милиция кызматкери коопсуздукту камсыздоодо

Коом 0

Бишкек, 20.12.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте өтүп жаткан III Элдик курултайда 3 миңден ашуун милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздоодо. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өтүп жаткан курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан 700гө жакын делегат келди. Анын ичинен 640ы өлкө аймактарынан, 30 киши этностук өкүлчүлүктөрдөн, дагы 30 делегат чет өлкөдөгү мекендештер.

Ички иштер министрлиги коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулганын белгилейт. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери иш-чаранын катышуучуларынын жана конокторунун коопсуздугун камсыз кылуу менен негизги аймактарда кызмат кылууда.

Курултайдын ишин 100дөн ашык аккредитацияланган ЖМК өкүлдөрү чагылдырууда. Мамлекеттик жана аймактык телеканалдарда, ошондой эле социалдык тармактарда түз эфир көрсөтүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий