Бишкек, 21.12.24./Акназик Тургунбаева - Кабар/. Ала-Бука районунан келген делегат Толгонай Раджапаева аталган районго бейтапкана куруу маселесин көтөрдү.
Анын айтымында, бейтапкана куруу менен Ала-Бука районун тургундарына бейтапканага жетүү жеңил болуп, райондогу дарыгерлерге жумуш орду түзүлмөк.
“Былтыры дагы ушул эле маселени көтөрүп келгем. Тилекке каршы бул көйгөй чечилген жок. Бүгүнкү күндө Ала-Бука районунун борборундагы 2 гектар бейтапканын орду таштанды таштоочу жайга айланган. Биздин райондун тургундарынын ооруканага жетүүсү көйгөй жаратып келет. Ошондой эле биздин дарыгерлерге жумуш орду жок болуп, алыскы аймактарга барып иштөөгө мажбур. Урматтуу президент саламаттык сактоо министрин ошол жерге алып барып, биздин абалды көзүңүз менен көрүп, жеринен таанышсаңыз дейт элем. Эгерде бул маселе чечилбесе кийинки жылы курултайга дагы келем”, - деди ал.
Мындан тышкары ал, профсоюздун жеке карамагында турган балдар лагерин өкмөттүн балансына өткөрүп берүүсүн суранды.
“Учурда ал лагерде балдар эмес, уйлар эс алууда. Бул лагерди өкмөткө өткөрүп берсеңиз, биздин балдар үчүн жакшы шарт түзүлмөк”, - деди делегат.
Пикир
Оставить комментарий