• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

УКМК “Фонтан” пансионатын алуудагы алдамчылык фактысын аныктады

Коом 0

Бишкек, 23.08.23./Кабар/. "Фонтан" пансионатын алдамчылык жолу менен алуу фактысы аныкталды, деп билдирет Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен.

Такталгандай, Ш.Д. жана башка жактар 2017-жылы "Фонтан" пансионатында ири өлчөмдө салык карызы пайда болгон жасалма шарттарды түзүшүп, аны чыныгы ээси О.Г.га билдиришип, алдоо жолу менен аны укук коргоо органдары тарабынан кылмыш жоопкерчилигине тартабыз деп коркутуп, пансионатты кайрадан өздөрүнүн атайын адамына каттоого мажбурлашып.

2021-жылдын январь айында бул ишке тиешелүү адамдар тарабынан "Фонтан" пансионаты менен чектеш жер тилкелери О.Г.нын мүлкүнөн чыгарылып, андан кийин О.Г.нын макулдугусуз 290 миң 525 долларга үчүнчү жактарга өткөрүлүп берилген.

Ш.Д.га карата чогултулган материалдардын негизинде Каракол шаардык соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий