• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

ЕАЭБ макулдашуусунун алкагында пенсия чектөө уланууда

Коом 0

Бишкек, 15.06.23. /Кабар/. Бүгүнкү күндө ЕАЭБ макулдашуусунун алкагында Кыргызстанда 41 жаранга, анын ичинен Россиянын 34 жаранына, Казакстандын 7 жаранына пенсия чектелди. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.

Ошондой эле Россия Кыргызстандын беш жаранына пенсиянын бир бөлүгүн чектеди.

Эске салсак, 2021-жылдын 1-январынан тартып Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттери менен биргеликте Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан иштелип чыккан 2019-жылдын 20-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуу күчүнө кирген.

Ага ылайык, ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттин аймагында эмгек же башка ишмердик кылуу аркылуу пенсиялык укуктарды түзүлөп жаткан же түзүлгөн Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын, Армениянын жана Беларустун жарандары эмгекчилер болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий