• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

III Элдик курултай. Карабалталык делегат бир катар социалдык көйгөйлөрдү көтөрдү

Коом 0

Бишкек, 20.12.24. /Кабар/. III Элдик курултайда сөз берилген Кара-Балта шаарынан келген делегат Дыйканбай Абдиев бир катар социалдык көйгөйлөрдү көтөрдү.

Ал алгач өлкөдө, анын ичинде Кара-Балта шаарында жасалып жаткан иштер, өткөн жылы шаарды өнүктүрүү үчүн 1 млдр сом бөлүнгөнү үчүн жетекчилерге элдин атынан ыраазычылык билдирди.

"Учурда шаарда канча жылдан бери эскили жеткен суу түтүктөрү алмаштырып, жолдорго жаңыдан асфальт басылууда, мындан башка дагы эл үчүн көптөгөн жакшы иштер жасалып жатат. Ишканалар ачылып, чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн коңшуларым келип, ошол ишканаларга ишке орношуп жатышат. Бул абдан жакшы.

Ошону менен катар көйгөйлөр дагы жок эмес. Мисалы, Кара-Балта шаарындагы №1 мектеп 700 балага ылайыкташканы менен учурда 2100 бала билим алып жатат. Ошондуктан жаңы мектеп куруп берүүнү суранабыз.

Мындан тышкары, шаарда өндүрүш ишканаларынан жана көмүр жагуудан чыккан ыштан улам абанын булганычы дагы чоң көйгөй болууда. Ушуга дагы тиешелүү органдардын көңүл буруусун көзөмөлдөп берсеңиз", - деп өлкө башчысына кайрылды ал.

Пикир

Оставить комментарий