Бишкек, 21.12.24. /Кабар/. Бишкек шаарында өтүп жаткан III Элдик курултайдын жүрүшүндө президентинин администрациясына курултайдын биринчи күнүндө жарандардан 2 миңден ашуун кайрылуу келип түштү.
Президенттин администрациясынын кызматкерлери 500дөн ашуун делегатка тиешелүү консультацияларды берди.
Белгилей кетсек, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында III Элдик курултай өтүүдө, ага президент, министрлер кабинетинин өкүлдөрү жана жер-жерлерден келген делегаттар, анын ичинде чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын жана этникалык жамааттардын өкүлдөрү катышууда. Курултай эки күнгө созулат.
Пикир
Оставить комментарий