• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

III Элдик курултай. Тышкы иштер министрлигине 15 кайрылуу түштү

Коом 0

Бишкек, 21.12.24./Акназик Тургунбаева - Кабар/.III Элдик курултайда Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери делегаттар менен иш алып барууда.

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу "Кабар" агенттигине билдиргендей, учурда делегаттардан жалпы 15 кайрылуу келип түштү.

“Элдик курултай башталгандан бери бизге кайрылган делегаттардын суроолорун кабыл алып жатабыз. Алардын көбү виза маселеси боюнча болду. Ар бир делегатка виза алуунун жол-жобосун түшүндүрүп бердик. Мындан сырткары, кыргыз жарандыгын алуу боюнча суроолор берилди. Анын дагы жол-жобосун, кандай документтер керек экендигин түшүндүрүп бердик. Ошондой эле чет өлкөдө консулдук мекемелерди ачуу боюнча сунушутар келди. Бул сунуштарды дагы дыкат карап чыгабыз. Курултайга өзүңүздөр билгендей Россиядан делегаттар келди. Алар өздөрүнүн Россиядагы мигранттык укуктары боюнча суроолорун беришти. Ардактуу консул маселеси боюнча дагы кайрылуулар келип түштү. Ар бир кайрылуу боюнча расмий жазуу түрүндө жооп беребиз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий