• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

III Элдик курултайда Финансы министрлигине делегаттардан түшкөн кайрылуулардын саны 50дөн ашты

Коом 0

Бишкек, 20.12.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. III Элдик курултайда Финансы министрлиги делегаттардын кайрылууларын кабыл алууда. Бул тууралуу финансы министринин биринчи орун басары Руслан Сүйналиев “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, кагаз түрүндө түшкөн кайрылуулардын саны элүүдөн ашты. Министрлик алардын ар бирин карап чыгып, каржылоо маселесин чечүүгө аракет жасайт.

“Делегаттар өзгөчө социалдык көйгөйлөр боюнча кайрылып жатат. Мисалы, таза суу, сугат суу долбоорлорун каржылап берүү маселелерин көтөрүштү. Аймактарда жасалып жаткан бир катар иштерге өнүктүрүү фонддун, жергиликтүү бюджеттин каражаты жетпей калды деп айтышты. Бардык кайрылууларды биз кагаз түрүндө кабыл алып жатабыз. Курултай жыйынтыкталгандан кийин иш жүзүндө биз мүмкүнчүлүктөрдү таап, каржылаганга аракет кылабыз”, - деди Руслан Сүйналиев.

Пикир

Оставить комментарий