Бишкек, 20.12.24. /Кабар/. III Элдик курултайда шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлери жана медициналык тез жардам борборунун бригадасы жарандардын ден соолугун жана коопсуздугун камсыз кылууда нөөмөт иштерин улантууда.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, 30дан ашык адам медициналык жардам алууга кайрылган. Көпчүлүк даттануулар кан басымдын көтөрүлүшү, баш оору жана өнөкөт ооруларга байланыштуу.
Медицина кызматкерлери кесипкөйлүк менен биргеликте иш алып барышып, муктаж болгондордун баарына медициналык жардам көрсөтүшүүдө.
Пикир
Оставить комментарий