• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

ИИМ Академиясынын алты курсанты президенттик стипендия алды

Коом 0

Бишкек, 17.12.24. /Кабар/. Күн мурун 2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча окууда, илимий-чыгармачыл жана коомдук иштерде өзгөчөлөнгөн жогорку окуу жайларынын 90 студентине президенттик стипендия тапшырылды.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, мыктылардын катарында Эргеш Алиев атындагы ИИМ Академиясынын курсанттары Адэля Турганбекова, Бектур Эркинов, Кундуз Нурбекова, Мээрим Байгазиева, Аяна Насипбекова жана Жазмин Аликова бар.

Белгиленгендей, стипендия алууга Академиядан 10 курсанттын жана 4 студенттин жетишкендиктери боюнча документтер жөнөтүлгөн. Алардын ичинен 6 курсант президенттин стипендиясын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Курсанттар президенттин колунан мактоо баракчаларын жана 60 миң сом өлчөмүндө стипендия алышты.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө белгилегендей, президенттик стипендия бул жөн эле сыйлык эмес. Бул – тигил же бул тармактын кесипкөй адиси болууга жан үрөп, алдына бийик максаттарды койгон студенттердин эмгегин баалоонун, дараметин колдоонун, талантын ачууга шык-дем берүүнүн белгиси.

"Биз силердин билимиңерди баалоо менен өлкөбүздүн келечегине инвестиция кылып жатабыз деп эсептейбиз. Мамлекет өз өлкөсүнө берилген, өз тарыхын аздектеген жана элибиздин руханий баалуулуктарын сактаган жаштарды ар дайым колдойт. Мен билимге болгон каалоосу күч, өз көз карашы бар, дүйнөнү жакшы жакка өзгөртүүгө умтулган, ар-намыстуу, мекенчил жаштардан көптү күтөм”, - деди мамлекет башчысы.

Пикир

Оставить комментарий