ИИМ: Александр Мелентьевдин элесине арналган 3 күндүк чемпионат башталды

Коом 0

Бишкек, 17.03.22. /Кабар/. “Динамо” спорттук комплексинде КР Ички иштер министрлигинин Кызматтык көп түрдүүлүк боюнча Олимпиада чемпиону, дүйнөнүн жана Европанын көп жолку чемпиону Александр Мелентьевдин элесине арналган ок атуу боюнча жалпы республикалык 3 күндүк чемпионаттын ачылыш аземи болду.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, ачылыш аземине министрдин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов жана “Динамо” спорт комплексинин жетекчиси Төрөкул Мадалиев катышты.

Чемпионатка жалпы республика боюнча тандоодон өткөн, ички иштер кызматкерлеринен куралган 15 курама команда ат салышат. Катышуучулар граната ыргытуу, “Калашников” жана “Макаров” куралдары менен ок атуу ошондой эле биатлон боюнча таймашмакчы.

Белгилей кетсек, бул чемпионаттын жыйынтыгы 18-март күнү аныкталат.

Пикир

Оставить комментарий