• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкектеги Ала-Арча каналындагы суу ташкыны токтотулду

Коом 0

Бишкек, 15.12.23. /Кабар/. Бишкектеги Ала-Арча каналындагы суу ташкыны токтотулду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн абанын температурасынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Ала-Арча дарыясынын нугунда муз тыгыны пайда болду.

Тыгындарды жоюу үчүн "Бишкексуучарба", "Бишкекжашылчарба", "Тазалык" муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын техникалары ыкчам тартылган.

Тоңуп калган муздарды тазалоого 5 экскаватор, 4 "HOWO" унаасы, 2 фронталдык жүктөгүч, 1 ылай соргуч, 30 жумушчу тартылды.

Пикир

Оставить комментарий